Главный / Казахские песни / Назгул Каныбек кызы - Сагындым сени (cover)

Назгул Каныбек кызы - Сагындым сени (cover)

  • Исполнитель: Назгул Каныбек кызы
  • Название MP3: Сагындым сени (cover)
  • Качество MP3: 128 kbps
  • Дата релиза: 16-06-2023, 00:34
  • Размер MP3: 3.79 MB
  • Длительность MP3: 4:07
00

Слушать песню Назгул Каныбек кызы - Сагындым сени (cover)
Текст песни Назгул Каныбек кызы - Сагындым сени (cover)
Айдыңга ак куулар жол алды
Сагындым сени
Жайнады дүйнө да жаңырды
Сагындым сени

Жаз өттү жалбырак саргайды
Сагындым сени
Ак кайың ак мамык жамынды
Сагындым сени

Кайырма:
Күн батты таң атты дагы да
Эм таппайм жаралуу жаныма
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан
Сен элең сүйүүмдүн жанары
Эңсеткен жүрөгүм жамалың
Эзилип ичимен барамын ай маралым

Ак кайың арылды ак кардан
Сагындым сени
Булбул куш сайрады бактардан
Сагындым сени

Элесиң жүрөгүм жандантып
Сагындым сени
Келесиң жаным кай жактардан
Сагындым сени

Күн батты таң атты дагы да
Эм таппайм жаралуу жаныма
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан
Сен элең сүйүүмдүн жанары
Эңсеткен жүрөгүм жамалың
Эзилип ичимен барамын ай маралым 1
Самые новые и яркие казахские хиты, а также распространённый зарубежный рэп, сборники мега песен эстрадного направления понравившихся вам вы можете найти здесь и легко загрузить их.
По всем вопросам пишите на: [email protected] DMCA