Главный / Киргизские Новинки / Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover)

Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover)

  • Исполнитель: Нурайым Акылбекова
  • Название MP3: Арданып Журом (cover)
  • Качество MP3: 128 kbps
  • Дата релиза: 21-05-2023, 18:47
  • Размер MP3: 2.81 MB
  • Длительность MP3: 3:03
00

Слушать песню Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover)
Текст песни Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover)
Супасын чачса таң жарык
Суюлуп жылдыз шам жанып
Булбулдар керип көкүрөк
Бутактан учса жанданып
Торгойдун үнүн жактырбай
Томсоруп жүрөм арданып

Көңүлүңгө жаккан пери зат
Көрүнөт экен пир болуп
Көмөкөй сыздайт муңканып
Көксөтпөй эркем бир жолук
Ызаага батып зарыктым
Ый менен ырым бир болуп

Көзүңдүн көрүп ирмемин
Көөхарды чанып иргедим
Кыйылып сенден кете албай
Кыйноону тарттым билбедиң
Жарыгым бирок зор бакыт
Жалганда жашап жүргөнүң

Жанга эм жаркын күлгөнүң
Жалындайм уксам сүйлөмүң
Кумардай ушул сагыныч
Кусадан гана үндөдүм
Жабыкпа эркем өзүңдү
Жар кылыш үчүн сүйбөдүм 1
Самые новые и яркие казахские хиты, а также распространённый зарубежный рэп, сборники мега песен эстрадного направления понравившихся вам вы можете найти здесь и легко загрузить их.
По всем вопросам пишите на: [email protected] DMCA