Главный / Премьеры песен / Кубаныч Сатаев - Коштошуу

Кубаныч Сатаев - Коштошуу

  • Исполнитель: Кубаныч Сатаев
  • Название MP3: Коштошуу
  • Качество MP3: 128 kbps
  • Дата релиза: 9-02-2021, 17:30
  • Размер MP3: 3.42 MB
  • Длительность MP3: 3:43
00

Слушать песню Кубаныч Сатаев - Коштошуу
Текст песни Кубаныч Сатаев - Коштошуу
Көздөрүңдөн кагылайын,
Балбылдаган, жайнаган,
Кош деп мага кол сунбачы, садагам.
Кош дегенде кол бере албай,
Сени сүйүп кайрадан, кызганып, суктанып,
Айтчы, жаным, бир сен үчүн эмне болуп баратам?

Кайырма:
Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы,
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө,
Бир жолу, ай, бир жолу,
Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы.

Көп оролдум, көп сыладым,
Сенин кундуз чачыңды.
Жүрөгүмө далай ийдиң башыңды.
Ойлогон ой ишке ашпай,
Турмуш кыстап, жеңгенде,
Арга жок, айла жок, кошула албайм,
Төккөн менен көздөн аккан жашымды.

Кайырма:
Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы,
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө,
Бир жолу, ай, бир жолу,
Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы 1
Самые новые и яркие казахские хиты, а также распространённый зарубежный рэп, сборники мега песен эстрадного направления понравившихся вам вы можете найти здесь и легко загрузить их.
По всем вопросам пишите на: [email protected] DMCA